«Манас» аэропортунда жаңы дайындалган жетекчиге каршы болгондор чогулду

22-октябрда Эл аралык «Манас» аэропортунун алдына 40тай киши чогулуп, Бактыбек Сыдыковдун аэропорттун жетекчилигине дайындалганына нааразычылык билдиришти.

Аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клоопко» билдиргендей, чогулгандардын баары эле аэропорттун кызматкерлери эмес, алардын арасында аталган мекемеде иштебегендер да бар.

«Бирок көпкө чейин турушкан жок, мен чыгып алардын талаптарын уккандан кийин эле тарап кетишти. Учурда аэропорт өз нугунда иштеп жатат. Бүгүн жаңы жетекчи маалымат жыйын куруп, кызматкерлердин нааразычылыктарын угайын деп турат», — деди Курбанова.

«Азаттык» басылмасы маалымдагандай, чогулгандар «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген ураандарды айтышкан.

Жаңы дайындалган жетекчи

Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болуп мындан бир күн мурун дайындалган. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. Ал эми аэропорттун буга чейинки жетекчиси Мурат Примбердиев Курбанованын айтымында, жумуштан «өз каалоосу менен» кеткен.

Сыдыков Жогорку Кеңешке «Республика - Ата-журт» фракциясынан шайланып келген. Ал парламенттик шайлоого Матраимовдор кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Тизмеде №22 орунда болгон.

Бактыбек Сыдыков 50 жашта, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Москвадагы мамлекеттик технологиялык университетинде «инженер-механик» кесибин аяктап, эмгек жолун 1994-жылы кыргыз-казак биргелешкен TriO-B ишканасында башкы директор болуп баштаган.

Ал эми мамлекеттик кызматка 2005-жылы финансы министринин кеңешчиси болуп келген. Ошол эле жылдан тартып 2007-жылга чейин «Манас» аэропортунда коммерциялык маселелер боюнча вице-президент болгон.

Ал эми 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Манас» аэропортун жетектеген.

Ошондой эле, ал 2000-жылдан 2001-жылга чейин «Кыргыз-Дан-Азык», 2001-2005-жылдары «Кыргыз-Дан» компанияларын жетектеп, 2011-жылдан 2015-жылга чейин «АККА компаниялар тобунда» директорлор кеңешинин төрагасы болгон.