29-0. Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктады

Хабиб Нурмагомедов. Сүрөт: UFC уюму

Орусиялык мушкер, Ultimate Fighting Championship (UFC) уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктады. Нурмагомедов бул тууралуу 25-октябрга өткөн UFC 254 турниринде жарыялады.

Нурмагомедов UFC 254 убактылуу чемпиону Жастин Гэйджи менен беттешип, аны экинчи раундда «үч бурчтук муунтуу» менен жеңди.

«UFC мага чалып, Жастин [Гэйджи менен беттешүү] тууралуу суроо узатканда мен апам менен үч күндөй сүйлөштүм. Ал мени атам жок бул беттешүүгө чыкканымды каалаган эмес. Мен ага “бул менин акыркы беттешүүм болот” деп сөз бердим. [...] Ата-энеңер болсо алардын жанында болуңуздар — болду. Менде апам гана калды, мен ага көбүрөөк убакыт бөлгүм келет», — деди Нурмагомедов.

Мындан сырткары Нурмагомедов UFCнин жетекчилигине кайрылып, «pound for pound» — башкача айтканда салмак категориясына көз карандысыз мушкерлердин рейтингинде биринчи орунду берүүнү суранды. Учурда бул рейтингдин сап башында Жон Жонс аттуу мушкер турат, Нурмагомедов — экинчи.

Мушкердин атасы, спортчу жана машыктыруучу Алдулманап Нурмагомедов үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда 57 жашында эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Абдулманап Нурмагомедов уулун жаш кезинен машыктырып келген.

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмуна 16-0 рекорду менен 2012-жылы келген. Буга чейин ал аскердик самбо боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болууга да үлгүргөн.

Нурмагомедов 2018-жылдын 7-апрелинде Эл Яквинта менен беттешип, UFCнин жеңил салмак категориясындагы чемпиондук кемерге ээ болгон. Кийинчерээк ал чемпиондук титулду Конор Макгрегор, Дастин Пуарье жана Жастин Гэйджиден коргогон. Жалпысынан Нурмагомедов UFCде 13 жеңишке жетип, жалпы карьерасында 29 беттеш өткөрүп баарын утуп алган — мындай учур буга чейин катталган эмес.