UFCнин жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов 57 жашында дүйнө салды.

Eurosport басылмасы Чечнянын президенти Рамзан Кадыровго таянуу менен жазышынча, Абдулманап Москвада каза болгон.

«Достор мага дагы кайгылуу кабар жетти. Абдулманап Нурмагомедов бул дүйнөдөн кетти. Жалпы чечен элинин атынан Адбулманап Магомедовичтин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал артында өзүнүн жакшы атын жана татыктуу муунду тарбиялап калтырды», — деп Кадыров Telegram-каналына жазган.

Абдулманап Нурмагомедов 25-апрелде пневмония дарты менен ооруканага жаткырылган. Кийин анын жүрөгү кармап, операция жасалгандан кийин бир жумадай комага түшүп калган.

Хабиб Нурмагомедов 22-июнда атасынын абалы оор экенин билдирген. Анын айтымында, атасына коронавирус дагы жугуп, аны жеңгени менен инфекция оор кесепеттерди калтырып, ал Москвадагы ооруканалардын биринде реанимацияда жаткан.

2018-жылы январда ата-бала Абдулманап менен Хабиб Нурмагомедовдор Кыргызстанга келген. Анда Бишкектен күйөрмандары менен жолугуп, журналисттер үчүн маалымат жыйын курган. Андан кийин Абдулманап Нурмагомедов Ошко барып ал жактагы спортчулар үчүн мастер класс өткөн болчу.

Абдулманап Нурмагомедов Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамына татыган.