Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы эки тараптуу пневмониядан каза болду

Маркум Маматаир Кармышаков

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Маматаир Кармышаков 21-октябрда эки тараптуу пневониядан улам каза болду. Кармышаков 60 жашта болчу.

Кармышаков юстиция органдарында 24 жыл эмгектенген. Аталган органга алгач 1997-жылы Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо бөлүмүнүн башчы, андан соң Ош облусунун юстиция башкармалыгында жалпыга маалымдоо каражаттарын жана диний уюмдарды каттоо боюнча башкы адис болуп иштеген.

2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика адистигин аяктап, Ош, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы юстиция башкармалыктарын жетектеп келген.

Ошондой эле, Кармышаков 2019-жылдын августунда Президентинин энчилүү сааты менен сыйланган жана бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган. Мындан сырткары ал юстициянын отличниги жана 1-класстагы кеңешчиси болгон.

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 56 170 кишиге жукту. Анын ичинен 6585и Жалал-Абад облусунда катталды. Өлкөдө 47 843 адам COVID-19дан айыгып, 1134 киши көз жумду.