«9 миллиард сомдук зыян». «Кумтөр» каржы полициясынан билдирме ала элек

Сүрөт: «Кумтөр Голд Компани»

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому коррупция боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каржы полициясынан билдирме ала элек. Бул тууралуу алтын казуучу компаниянын басма сөз кызматы «Кактус» басылмасына билдирди.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (каржы полициясы) Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун кызматкерлери коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттин казынасына 9 млрд сомдук зыян келтиргенин аныктаган.

Маалыматка ылайык, мекемелердин кызматкерлери «К.Г.К.» алтын казуучу компаниясы менен «мыйзамга каршы келген байланыш түзүп», анын натыйжасында аталган компания салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келген. «Кабар» маалымат агенттиги Финполдогу булактарына таянып, аталган компания «Кумтөр Голд Компани» экенин билдирди.

Аталган факт боюнча «Коррупция» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандагы эң чоң Кумтөр алтын кенини өндүрүп келет. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 1997-2018 жылдары Кумтөрдөн 374 тонна алтын өндүрүлгөнүн кабарлаган. Өндүрүлгөн алтындын баасы 18,5 млрд долларды түзөт.

Учурдагы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен бир нече митинг уюштурган. Анын биринде — 2013-жылы Каракол шаарында өткөн митингде — Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, анын уюштуруучу катары Жапаровго айып тагылган.

Сот Жапаровду күнөлүү деп табып, аны 2017-жылы 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жогорку сот анын жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга чейин кыскарткан. Ал эми барымтага алынган Каптагаев буга Жапаровдун тиешеси жоктугун белгилеп, аны бошотууну суранган.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 6-октябрда болгон массалык толкундоолор учурунда тарапташтары тарабынан чыгарылган. Төрт күндөн кийин, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш аны премьер-министрликке жактырган. Ошол эле күнү ал Кумтөрдү мамлекетке өткөрүүгө багытталган долбоордон 2017-жылы баш тартканын кабарлаган. Анын айтымында, Кумтөрдө алтын калган эмес.

Ал эми «Фактчек» басылмасы Жапаровдун сөзүн төгүндөдү. Басылма Эмил Осмонбетовдун маалыматына таянып, 2019-жылдын башында Кумтөрдөгү алтындын запасы 104,3 тоннадан ашуун болгонун кабарлаган — бул запастардын баасы 5,1 млрд долларды түзөт.

Ошондой эле, Centerragold сайтындагы маалыматка ылайык, Кумтөрдө 100 тонналык алтындын запасы жана 195,4 тонналык жалпы ресурсу бар.

Мындан сырткары, «Кумтөр Голд Компаниге» өткөн жылдын сентябрь айында «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты алтын өндүрүү үчүн өкмөт тарабынан берилген. Аталган жер аянтта канча алтын бар экени азырынча белгисиз.