Дастан Бекешев Исмаилованын коронавируска каршы күрөш боюнча ишин сынга алды

Парламенттин 28-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев социалдык өнүгүү жана эмгек министрине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан депутат Аида Исмаиловага июлдагы ишине кандай баа берери тууралуу суроо узатты.

Июль айында Кыргызстанда коронавирустун жана ал шарттаган пневмониянын рекорддук көрсөткүчү катталган. Вирустан арыла албай каза болгондор да көп болгон. Мындан тышкары ооруканалар бейтаптарга толуп, айрым кишилер оорукананын алдында көз жумган. Бул учурда Исмаилова вице-премьер-министр кызматын аркалап турган.

27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Исмаилованы жана соцөнүгүү министри Улукбек Кочкоровду кызматтан бошоткон.

«Июль айында пандемия күч алган. Ошол учурда өкмөт өтө жаман иштеди. Элдер нааразы болушкан. Кайда чалсаң да эч ким телефонду албайт. Сиз айтсаңыз, кандай иштедиңиз? Каякта болдуңуз?» — деп суроо салды Бекешев.

Исмаилова вице-премьер-министр кызматына «оор кырдаалда» келгенин белгилеп, «жакшы эле иштеп бердим» деген жооп кайтарды.

«Мен вице-премьер-министрдин ордуна келгенге чейин, депутат болуп жүргөндө авиа каттамдар ачык болгондо, чек аралар ачык болгондо керектүү каражаттарды сатып алуу керектигин тууралуу айтканмын. Мен оор убакытта келип калдым. Күнү-түнү бою иштедик, 24 саат бою, ошол жерде түнөдүк. Мен жакшы эле иштеп бердим деп ушул жерде айта алам», — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал соцөнүгүү министрлигине «эл үчүн кызмат кылууга» бара жатканын айтты.

Депутат Бекешовдун пикиринде июль айында жалпы өкмөт «жаман» иштеди.

«Сиз деле жаман координация кылдыңыз. Ачык эле айталы. Саламаттык сактоо системасы министр ооруп алып же чет өлкөгө чыгып кеттиби биз билбейбиз. Менимче Садыр Нургожоевич башка кадрларды тапса да жакшы болмок да», — деди Бекешев.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 57 276га жетти. Анын ичинен 48 637 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 479 бейтап, ал эми үй шартында 3 488 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 138 адамдын өмүрүн алды.