ӨКМ: Оштогу көп кабаттуу үйдөн өрт жаш балдар күкүрт менен ойногондон чыккан

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү №35 көп кабаттуу үйдөн 27-октябрда өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тилсиз жоонун чыгышына төртүнчү кабаттагы батирлердин биринде жаш балдардын күкүрт менен ойногону себеп болгон дешти.

Кырсыктан үч киши түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген, ошондой эле батирдин 26 чарчы метри күйүп кеткен.

Ал эми Саламатттык сактоо министрлигинен эки киши ооруканага жеткирилип, бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн маалымдашты. Учурда ал амбулатордук дарыланууда. Мындан сырткары, экинчисинин абалы «жакшы» деп бааланып, бүгүн үйүнө чыгарыла тургандыгын кошумчалашты.

27-октябрда түштөн кийин Алай көчөсүндөгү №35 көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгы маалымдалган. Өрттү өчүрүүгө шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылган.

Тилсиз жоо саат 15:34 толугу менен өчүрүлүп 60 жашоочу эвакуацияланган.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси полковник Асан Сулайманов 2020-жылдын башынан бери облуста 228 өрт кырсыгы катталгандыгын 23-октябрда маалымадады. Сулайманов бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 23%га аз экендигин белгилеген. Анын айтымында, өрт кырсыганын кесепетинен 34 млн ашуун материалдык чыгым эсептелген жана үч адам каз болгон.