COVID-19 үч медиктен аныкталып, жети медкызматкер илдеттен айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабтан 29-октябрда коронавирус үч медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлады. Илдетке чалдыккан медиктер Бишкек шаарында, Ош жана Баткен облустарында иштеп келишкен.

Мындан сырткары өткөн суткада жети медкызматкер үй карантинден дарыланып чыгарылды.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 605ге жетти — анын 3 309у оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 миңге чукул медик документ тапшырганын кабарлады. Анын ичинен ооруну жуктурган 377 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 27 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 57 798ге жетти. Алардын ичинен 49 097 адам илдеттен айыгып, 1 139у каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.