Депутат Бакыт Төрөбаев 6-чакырылыштагы парламент легитимдүү эмес дегендер жаңылыша турганын Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында айтты. Эл өкүлүнүн ырасташынча, азыр элдин көпчүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн ажырата албай жатышат.
«Бүгүн жыйын куруп жаткан парламент легитимдүү. Конституциянын 70-беренеси боюнча Жогорку Кеңеш 5 жылга шайланат. Бул мөөнөтү. Андыктан мөөнөттү Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары менен эч аралаштырбаш керек. Шайланган мөөнөтү беш жыл, ал эми ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланып келип, биринчи жыйынга чогулганда бүтөт деп так даана жазылып турат», — деп ал Конституцияга шилтеме кылып, сөздөрүн бышыктаганга аракет кылды.
Ал ошондой эле, эгер 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы парламент келгенде 6-чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары менен мөөнөтү 28-октябрда аяктамактыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Сайдулла Нышанов дагы Төрөбаевдин пикирин колдойт. Ал парламент легитимсиз деп жаткан юристтер Конституциянын өздөрүнө керектүү жерин гана окуп алып, башка беренелерде эмне деп жазылганын түшүндүбөй жатканын айтты. Ошондой эле, Конституциянын 71-беренесине көңүл бурууга чакырды
«Ал жакта мөөнөтү жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны күнү бүтөт деп турат», — деди ал.
Андыктан ал 6-чакырылыштагы депутаттар алдыдагы шайлоолорду өткөрүп, элдин жашоосун мурдагы калыбына кайтаргандан кийин кетиши керектигин белгиледи.
«Азыр биз таштап кетип калсак ким башкарат? Айыл-айыл, аймак-аймак болуп бөлүнүп алабызбы? Ошондуктан паламент иштеш керек. Бирөөгө жагабы, жакпайбы мыйзамдуу жолго салып коюп кетиш керек», — деди Нышанов.
«Укуктук талаанын ханы дагы, ханышасы дагы Конституция»
Анткен менен Жогорку Кеңештин бардык эле депутаттары демилгеленип, кабыл алынган өзгөртүүлөр менен макул эмес. Мисалы депутат Каныбек Иманалиев шайлоолорду жылдыруу боюнча кабыл алынган Конституциялык мыйзамда Конституциянын императивдик беренелери бузулганын айтты.
«Биринчи 6-берене. Бул жерде мыйзам алдында баары бирдей деп жазылган. Эмне үчүн Жогорку Кеңеш? Жогорку сот, Эсеп палатасы, БШК деле ушинтип мөөнөтүн узартып албайбы? Экинчиси, 70-беренеде Жогорку Кеңеш 5 жылга шайланат деп так жазылган. 2021-жылга чейин узартууга президенттин дагы, парламенттин дагы, соттун дагы акысы жок. Үчүнчү 114-берене. Эгерде Конституциянын 3-4-5-6-7-8 бөлүмдөрүнө өзгөртүү керек болсо, аны коомдук талкууга коюп, тийиштүү комитеттер талкуулашы керек эле. Биринчи окуу менен экинчи окуунун, экинчи окуу менен үчүнчү окуунун ортосу эки айдан болуш керек», — деди ал.
Иманалиев ошондой эле, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн алты ай керектигин кошумчалады. Ал эми 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 15 мүнөттө эле кабыл алып койгонун сынга алды.
Депутат иштеп жаткан Конституцияны бузуп жаңы Конституция кабыл алууга болбой турганын эскертти.
«Ооба, Конституция чийки бирок андан башка Конституция жок да. Бүгүнкү укуктук талаанын ханы дагы, ханышасы дагы азыркы Конституция», — деди ал.
Депутат андан сырткары Жогорку Кеңеш сунуштап кабыл алынган Конституциялык мыйзамдарды Кыргызстандын юридикалык коомчулугу дагы тааныбаганын кошумчалады.
Юристтер депутаттардын пикирине каршы
Бир катар юристтер 6-чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктарын узартып алышы жана кайрадан парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу Конституцияга каршы келерин билдиришти.
Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Кыргызстанда бийликтин легитимдүүлүгүнүн кризиси болуп жатканын белгилеп, андан чыгуунун жолу 20-декабрга дайындалган парламенттик шайлоону өткөрүү деди. Анын айтымында, шайлоо ачык, акыйкат өтүшү шарт. Ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 22-октябрда антиконституциялык мыйзам кабыл алганын кошумчалаы. Мындан улам Конституциялык палатада бул маселе каралып жатканын кошумчалады.
Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын ага юристи Искендер Какеев Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтты. Ал мындай корутундуга атайын жүргүзүлгөн анализден кийин келгенин кошумчалады.
Какеев ошондой эле, депутаттар бетине кармап жаткан Конституциянын 70-71-беренелеринде Жогорку Кеңештин мөөнөтү 5 жыл деп так жазылып турганын белгиледи.
«Конституция боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары беш жыл деп так белгиленген. Ал жакта беш жыл алты ай, же же жети ай деп жазылган эмес. Андан сырткары Конституцияда шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жана депутаттардын ыйгарым укуктарын узартуу каралган эмес, ага жол берилбейт», — деди Какеев.
Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 28-октябрда аяктай турганын, дал ушул убакыттан кийин 6-чакырылыштагы парламент кандайдыр бир мыйзамдарды кабыл алып, референдум өткөрүп, же шайлоонун күнүн белгилөө боюнча чечим кабыл ала албай турганын эскертти.
Буга чейин 21-октябрда Боршайком кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бирок бир катар депутаттар шайлоону жазга чейин жылдыруу боюнча Конституциялык мыйзамды сунуштап, ал көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынган.
Ага ылайык, Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформа жүргүзүүнү көздөп жатышат. Эми парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды — шайлоо 4 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө өтүшү керек.
Андан сырткары Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган токтомун дагы жокко чыгарды. Анткен менен сот токтомду жокко чыгарганга чейин кыркка жакын партия шайлоого катышуу ниетин билдиргенге үлгүргөн.
Ал эми Боршайком биринчи инстанциянын чечимин Жогорку сотко даттанды.