Сот 20-декабрга дайындалган парламенттик кайра шайлоону жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 20-декабрга дайындалган парламенттик кайра шайлоону жокко чыгарылганын билдирди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Шайлдабекованын айтымында, буга чейин «Актив» жана Демократия жана жарандык коом коалициясы БШКнын токтомун жокко чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылган. Сот даттанууну канааттандырып, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү боюнча токтомду жокко чыгарган.

«Учурда бизде кворум чогулбай жатат, анткени айрым мүчөлөр суракта. Ошондуктан бул маселени бардык кесиптештер чогулганда жана мүмкүн шайлоого катышуу үчүн билдирме берген партиялардын катышуусунда карап чыгууну сунушаймын», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Сот токтомду жокко чыгарганга чейин 37 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

БШКнын төрайымы азырынча саясий партиялардан документтерди кабыл алуу токтотуларын белгиледи.

«Бирок биз бул убакытты эске алабыз. Эгерде Жогорку сот башка чечим кабыл алып, процессти жанданттууга мүмкүнчүлүк жаралса», — деп түшүндүрдү Шайлдабекова.

Акыркы парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок анда агитация учурунда жана шайлоо күнү көптөгөн мыйзам бузуулар орун алган. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулушкан, бул президенттин жана өкмөттүн отставкасына алып келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты конституциялык реформа өткөрүүнү жана шайлоону жылдырууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

23-октябряда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык парламенттик шайлоо июнга чейин жылдырылган.

Бирок ага чейин референдум өтөт, анда депутаттар парламенттик же президенттик башкаруу формасын кабыл алууну карап чыгышы күтүлүүдө.