Өлкөдө коронавирус дагы 522 кишиден аныкталып, 460 бейтап оорудан айыкты

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Республикалык штаб 29-октябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 522 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 345и лабораториялык тастыкталып, 177 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 110;

Баткен облусу — 90;

Жалал-Абад облусу — 86;

Ош облусу — 75;

Чүй облусу — 58;

Ысык-Көл облусу — 37;

Ош шаары — 33;

Талас облусу — 26;

Нарын облусу — 7.

Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 460 бейтап айыгып, бир киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда катталды — 91 жана 90. Ошондой эле Ош облусунда — 82, Баткен облусунда — 67, Чүй облусунда — 41, Ош шаарында — 37, Ысык-Көл облусунда — 29, Талас облусунда — 18 жана Нарын облусунда беш бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 57 798ге жетти. Анын ичинен 49 097 бейтап айыгып, 1 139 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 444 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 93 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 580 киши үй шартында дарыланууда.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3 886.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.