Ырчы Гүлнур Сатылганова мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды

«Шок Факт» телеберүүсүнөн алынган скрин

Ырчы Гүлнур Сатылганова унаасын мас абалда башкарып жатканда патрулдук милиция тарабынан колго түштү. Бул тууралуу видео ЭлТРдин «Шок Факт» телеберүүсүндө 28-октябрда жарыяланды.

Алгач патрулдук милициянын кызматкерлери ырчы башкарган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузуп, айып пул төлөнбөгөнү үчүн Бишкектеги Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен токтоткон.

Тасмадагы жол инспекторлору аталган унаа 2019-жылдан бери 12 жолу жол эрежесин бузганын билдирген. Сатылганова бул тууралуу кабары жоктугун айткан.

«Мен жакында эле бешөөнү төлөгөнмүн. Дагы бирөө [билдирүү] кечээ келди да. Мен дүйшөмбү күнү барып төлөйүн деп жатканмын», — деп түшүндүргөн Сатылганова.

Carcheck.kg порталында учурда ырчы айдаган унаа төрт жолу жол эрежесин бузганын көрүүгө болот. Ал эми айып пулдардын өлчөмү жалпы 8 миң сомду түзөт.

«Айдоочунун “Коопсуздук шаар” боюнча айып пулдары бар экен, ошондуктан токтонконбуз. Токтоткон учурда бир аз спирттик ичимдиктер жыттанып жатат. Азыр наркологиялык диспансерге алып барып текшерели. Эгер ичсе, мыйзам чегинде чара көрөбүз», — деп түшүндүргөн жол инспектору.

Кийинчерээк укук коргоо органдарынын кызматкерлери Сатылганованы наркологиялык борборго алып барышкан. Ал жерде Сатылганова мас абалда экени тастыкталды.

Патрулдук милициянын кызматкерлери ырчынын унаасын айып короосуна киргизип, Сатылгановага Бузуулар жөнүндө кодексинин «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» беренеси менен протокол түзүлгөн. Бул эреже бузууга 17 500 сом айып каралган.