Кара-Суунун тургуну «Чубак ажы» атындагы китепкана салды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нурдар айылынын тургуну, Зафар Мирбобоев өз каражатына китепкана салды. Китепканага дин аалымы, мурдагы муфтий маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилип, анын ачылышы 29-октябрда болуп өттү.

«Узак жылдан бери келе жаткан арзуубуз ишке ашты. Китепканабызга апам жана башкалар менен кеңешип, досум, устазым Чубак ажы Жалиловдун атын бердик», — деп жазды Мирбобоев.

Китепкана үч кабаттан турат. Ал Ислам динине байланыштуу жана дүйнөлүк китептер менен толтурулган. Анын ачылышына маркум Жалиловдун жакындары, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жергиликтүү дин кызматкерлери катышышты.

Китепкананын ачкан Мирбобоев жазуучу жана дин изилдөөчүсү. Кесиби боюнча инженер болуп, учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Чубак ажы Жалилов

Чубак ажы Жалилов мурунку муфтий болуп 2010-жылы дайындалган. 2012-жылы бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Ошондой эле ал Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп, үстүбүздөгү жылдын июнунда мүчөлүктөн чыккан.

Жалилов Куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап берген. Анын фатва чыгарууга да уруксаты бар болчу. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелер менен да кайрылыпт турушуп, анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултуп келген.

Чубак ажынын ютубдагы «Насаат медиа» каналында эле 600 миңден ашуун катталуучусу болгон. Ал эми анын фейсбуктагы баракчасына 58 миңдей киши жазылган эле.