Жалал-Абадда Франциянын президентине каршы 100дөй киши катышкан митинг болду

Жалал-Абад шаарынын шаардык театрынын алдына 100дөй киши чогулуп, Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы митинг кылышты. Алардын видеосун «Кактус» басылмасы жарыялады.

Чогулгандар Макрондун ислам дини тууралуу айткандарына ачууланышкан.

Тасмадан агрессивдүү маанайда чогулган кишилердин Макрондун жерге чапталган сүрөтүн буту менен тебелеп, «Аллоху акбар» деп бир добуштан кыйкырганын угууга болот.

«Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өтө ыймандуу инсан. Ошол айтып жатат “бул акыл-эстин, аң-сезимдин сабатсыздыгы” деп. Чынында ошондой! Акыл-эси тунук адам эч качан пайгамбарга, башка инсанга, башка динге шек келтирбейт», — дейт чогулгандардын бири.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев Макронго каршы митинг болгонун тастыктады. Анын айтымында, митингчилер мыйзам бузбастан кайра таркап кетишкен.

Ошондой эле, 30-октябрда Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн жөө өтмөктөрүнө да Макрондун бетине бут кийимдин изи басылган сүрөттөр чапталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан аталган факт иликтенип жатканын, тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айткан.

Франциянын борбору Парижде Charlie Hebdo чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мектеп мугалими Сэмюэл Патин 16-октябрда ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ага кол салган адам маркумду «Мухаммед пайгамбарды шылдың кылган» деп айыптаган. Кылмышка шектелип 18 жаштагы чечен улутундагы Абдуллах Анзоров кармалган.

Анзоровдун айтымында, мугалим 12-13 жаштагы окуучуларга сөз эркиндиги тууралуу сабак өтүп, ислам дининде урматталган Мухаммед пайгамбарга жасалган карикатуралар тууралуу айтып берген. Сабактын алдында мугалим ислам динин тутунган окуучуларды класстан чыгып кетүүнү суранган. Анзоровдун билдирүүсүнө ылайык, ага «Мухаммед пайгамбар карикатуралардын объектиси боло алабы» деген суроонун коюлушу жаккан эмес. Ал пайгамбар үчүн өч алууну чечкен.

Макрон каза болгон мугалимди «көмүскөдөгү баатыр», кол салуунун өзүн «ислам теракты» деп атаган.

Бир күн мурда Ниццада жана Авиньон шаарларында да кол салуу орун алган. Ниццада куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга колып, үч адам каза болду. Бул кылмышка шектелип Тунистин 21 жаштагы жараны Брахим Ауисауи кармалды.

Ушул эле күнү Авиньон шаарында белгисиз киши полицияга кол салган. Аны коопсуздук кызматкерлери атып салышканы кабарланды.

Мындан тышкары Сауд Аравиясында Франциянын Жиддадагы консулдугунун кароолчусуна кол салган киши кармалды. Кароолчу жеңил жарат алганы кабарланды.