Садыр Жапаров: Министрлик менен ведомстволордун санын кыскартуу керек

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Абдырахман Маматалиев менен жолугуп, анда ал өлкө үчүн министрлик жана ведомстволордун санын кыскартуу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Маматалиев болжол менен 1 200 кызмат ордуна конкурсту кыйгап өтүү аркылуу кабыл алуу жүрүп, мындан улам коррупциялык иштерге жагымдуу шарт түзүлүп жатканын билдирди.

Жапаров эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга ылайык эмес, тууганчылык жана партиялык квота принциби боюнча дайындалып келгенин билдирди.

«Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган жактар дайындалып калган учурлар кездешет», — деди ал.

Жапаровдун пикиринде өлкө мекемелеринде кадрдык реформа жасоо зарыл. Ал эми жумушка алынгандардын билими жана тажрыйбасы аткарган кызматына шайкеш келүүгө тийиш.

«Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, өлкөгө пайда алып келиши зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек», — деп айтты Жапаров.

Жапаров өкмөттө комиссия түзүлгөнүн жана ал мамлекеттик кызматка таза кесипкөйлөрдү алып келүүнү даярдай турганын билдирди. Жапаров Маматалиевге кадрдык реформа боюнча долбоор иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо планын сунуштоо тапшырмасын берди.

Жапаров өзү президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик кызматка киришкенден кийин бир катар кадрдык дайындоолорду ишке ашырган. Анын ичинде УКМКнын башчылыгына 2010-жылы «Мекенчил» партиясын бирге түптөгөн үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган.

Ташиев менен Жапаровдун партиялаштары ар кандай кызматтарда кездешет, ошондой эле Жалал-Абад жана Нарын облустарынын башчылыгана да «Мекенчилдин» мүчөлөрү дайындалган.

Мындан тышкары, Жапаров 30-октябрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгына Нургазы Анаркуловду дайындады — ал дагы «Мекенчил» партиясынын курамында бар.