Ташиевдин «Мекенчилдеги» партиялашы президенттин маалыматтык саясат бөлүмүн жетектемей болду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нургазы Анаркулов дайындалганын кабарлады.

Анаркуловду дайындоо тууралуу жарлыкка Жапаров 30-октябрда кол койду. Боршайкомдун маалыматы боюнча, Анаркулов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы, экөө тең «Мекенчил» партиясынан болот.

Мындан тышкары, БШКнын маалыматына караганда, Анаркулов 2010-жылдан бери «Майдан.kg» гезитинин редактору болуп иштеген жана партиянын тизмесинде 47-орунда парламенттик шайлоого аттанган.

Өлкөдөгү ар кыл кызматтарга «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү дайындалган учурлар аз эмес. Жапаровдун буйругу менен УКМКнын башчылыгына 2010-жылы «Мекенчил» партиясын бирге түптөгөн үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындалган.

Кийин Жапаров алты облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштырган буйруктарга кол койгон. Анткен менен ал бир гана Ысык-Көл облусунун өкүлү, мурда Жапаровду ачык колдоп келген Балбак Түлөбаевди ордунда калтырган.

Ал эми Жалал-Абад жана Нарын облустарында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү дайындалган.