Өлкөдө COVID-19дан бир суткада беш киши көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 2-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарында, бирден киши Баткен жана Талас облустарында катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 155 жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан. Аталган ведомство 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 59 879 учуру катталды. Ооругандардын 50 741и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.