Өлкөнүн беш ири шаарында таштандыны кайра иштетүүгө өткөрүү үчүн колдонмо иштеп баштайт

Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүгө өткөрө турган колдонмо пайда болду — ал «Тазар» деп аталат. Колдонмонун алгачкы сынак версиясы 2019-жылдын апрель айынан тартып иштеп баштаган. Колдонмонун түзүүчүлөрү сунуштар менен кемчиликтерди кабыл алып, аны кайрадан жаңылашты — жаңы нуска 5-ноябрдан тартып иштеп баштайт.

Колдонмонун эки негизги функциясы бар — бул таштандыларды сорттоо жана экинчи жолу кайра иштелип чыга турган таштандыларды тапшыруу, ошондой эле кайра иштеп чыгуучулар же чогултуучулар тарабынана жарандардан кайра пайдалануучу чийки затты чогултуу.

«Тазардын» эски нускасында колдонуучулар кайра иштетилүүчү чийки затты кабыл алуу пункттарын картадан таап, үйлөрүнөн чыккан калдыктарды жеткирип бере алышкан. Жаңыланган версиясында чийки зат алуучуларды үйгө же кеңсеге чакырып, таштандыны өткөрүп берсе болот. Бир гана талап — кайра иштетилүүчү калдыктар 5 килограммдан кем болбоого тийиш жана таза бойдон тапшыруу керек (мисалы, тамак-аш салынган пластик кутучалар жууп тазаланган болуусу керек).

Таштандыны иргөө жана кайра иштетүү үчүн жарандарга упай берилет. Топтогон упайга «Фреско» балмуздагын, бир бөтөлкө максым же «Сиеррадан» кофе ала аласыз. Музейге баруу үчүн бир жылдык абонемент дагы алса болот.

Колдонмону иштеп чыккандардын бири Айнура Сагындын айтымында, эми таштандыларды кайра иштетүүгө Бишкектен тышкары, Ош, Нарын, Чолпон-Ата жана Талас шаарларынын тургундары да тапшыра алат. Бул шаарлардын тургундары үчүн кайра пайдалануучу чийки затты кабыл алуу пункттары көрсөтүлгөн карта жеткиликтүү болот, кийин аны үйгө чакыруу опциясы да пайда болот.

«Таштанды төгүүчү жайлардын аянты кеңейбеши үчүн шаардыктар таштандыны иргеп, кайра иштетүүгө өткөрүп турганы жакшы. Бишкек шарында кабыл алуу пункттары көп, көп өлчөмдөгү чийки затты да өткөрүүгө болот. Бирок көпчүлүктүн бул тууралуу маалыматы жок. Биздин колдонмо аркылуу бишкектиктер таштандыны кайра иштетүү реалдуу экенине ишенет деп үмүт кылабыз. Ал тургай таштанды өткөргөнү үчүн жагымдуу бонустар да каралган», — дейт Айнура Сагын.

Бул колдонмону Айнура Сагын менен Аймээрим Турсалиева аттуу курбу кыздар иштеп чыгарышкан. Айнура — программалык жабдыкты түзүүчү инженер, ал эми Аймээрим — эко-активист жана социолог. Алар Кыргызстанда мүмкүн болушунча көп адам таштандыны сорттошун каалашат.

Кандай таштандыларды тапшырса болот?

Колдонмодо катуу формадагы турмуш-тиричилик таштандыларын кабыл алуу пункттары көрсөтүлгөн карта бар. Ал пункттарга макулатура, айнектүү идиш, темир, алюминий, пластик бөтөлкөлөр, ошондой эле башка бөтөлкөлөр, канистр жана флакондорду алып барып же үйдөн тапшырса болот.

Аны менен катар айрым пункттарда чийки заттын килограммына жараша акы төлөнөт. Мисалы, металлдын түрүнө жана сапатына жараша килограммына 3төн 1200 сомго чейин алса болот.

Карантинде көрүңүз. Бишкектин таштанды талаасында иштегендердин окуясы