Мамлекеттик изилдөө департаментинин директору Сүйүнбай Арабеков каза болду

Маркум Сүйүнбай Арабеков

1-ноябрда Мамлекеттик изилдөө департаментинин директору Сүйүнбай Арабеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 55 жашта болчу.

Арабеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1988-жылы архитектор адистигине ээ болгондойн кийин, эмгек жолун «Кыргызгипрострой» долбоордук институтунан баштаган. Бир жылдан соң аталган институттун Ош облусундагы филиалына которулуп, архитекторлордун жетекчиси болуп иштеген.

Ошондой эле, Арабеков Ысык-Көл районунун башкы архитектору, Балыкчы шаарында Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси, 2015-жылдан тарта Кыргыз-Орус Славян университетинде Архитектура кафедрасында окутуучу кызматтарын аркалаган.

2017-жылы Мамкурулуштун директорунун кеңешчиси, 2018-жылдан тарта Мамлекеттик изилдөө департаментинин директору болуп эмгектенип келген.