Акыркы суткада коронавирустун 400 жаңы учуру катталды — анын 97си Жалал-Абад облусунда

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 3-ноябрда коронавирустун жаңы 400 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу — 97;

Бишкек шаары — 88;

Баткен облусу — 68;

Чүй облусу — 59;

Ысык-Көл — 35;

Ош облусу — 33;

Ош шаары — 9;

Талас облусу — 4;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 60 279га жетти. Мындан сырткары, акыркы суткада ПЧР изилдөөлөрдүн саны 2819ду түздү. Ал эми жалпы изилдөөнүн саны — 426 462.

Ошондой эле, акыркы суткада 547 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 125, Ош облусунан — 117, Жалал-Абад облусунан — 96, Ош шаарынан — 22, Баткен облусунан — 66, Чүй облусунан — 65, Ысык-Көл облусунан — 38, Нарын облусунан — 6, Талас облусунан — 12 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 51 288 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 367 бейтап, ал эми үй шартында 3 889 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 159 адамдын өмүрүн алды.