Садыр Жапаров Ош шаарындагы стадиондо эл менен жолугушту

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Ош шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолугушту.

Жолугушууга мамлекеттик кызматкерлер, активисттер жана жөнөкөй жарандар келишти — алардын саны миңге жакын. Садыр Жапаров чогулгандардын суроолоруна жооп берди. Суроолор ар кандай багытта болду. Анын ичинде шаардын көйгөйлөрүнөн тарта, кадрдык маселелерге чейин суроолор берилди. Ошондой эле, карапайым калк жеке көйгөйлөрүн дагы айтышууда.

Буга чейин ал 2-ноябрда Баткен облусун кыдырып, инфраструктуралык объектилердин курулушун көрүп, облус эли менен жолуккан. Жапаров өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берген.

Жапаров иш-сапары менен үч күн түштүк жергесинде болот.