Садыр Жапаров: УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделип жатат

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев жана ИИМдин экс-башчысы Кашкар Жунушалиевге издөө жарыяланганын билдирди.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Жапаров бул жөнүндө 5-октябрдагы башаламандыктардан кийин каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн ким жоопкерчилик тартат деген суроого жооп берип жатып билдирген.

«Бүгүнкү күндө УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделип жатат. Милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат», — деп билдирген Жапаров.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Анаркулов «АКИпресс» басылмасына курган маегинде Жунушалиев менен Опумбаев 5 жана 6-октябрдагы окуяларга байланыштуу издөөгө жарыяланганын бышыктаган.

2020-жылдын 5-октябрында милиция менен митингчилердин ортосундагы кагылышта Үмүтбек Алтынбек уулу өмүргө сыйышпас жаракаттарды алып каза тапкан. Алтынбек уулун акыркы сапарга узатуу зайнаты Баткен облусунда өткөн.