Улуттук энергохолдиңдин башчысы отставкага кетти — ал башка жумушка өтүүдө

2-ноябрда Улуттук энергохолдиңдин башчысы Айтмамат Назаров отставкага кеткенин билдирди. Ал кызматтан кетип атканын башка жумушка өтүп аткандыгы менен байланыштырды.

Улуттук энергохолдиңдин башчысы фейсбук барагында кесиптештерине ыраазычылык билдирип, алар бирге көп жетишкендиктерге жетип, бир үй-бүлө болуп калышканын белгиледи.

«Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик! Чоң рахмат», – деп жазган Назаров.

Кийинчерээк Улуттук энергохолдиңдин басма сөз кызматы жаңы башчы болуп Нурбек Козубеков келгенин кабарлады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун (ММБФ) статс-катчысы Илияз Ташбаев Козубековду жамаат менен тааныштырды.

Ташбаевдин айтымында, Козубековдун коммерциялык жана эл аралык уюмдар менен кызматташууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Нурбек Козубеков 2015-2016-жылдары «Түндүкэлектр» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Шайлоо 2020

Айтмамат Назаров «Улуттук электрикалык холдиң компаниясын» 2019-жылдын май айынан тарта жетектеди. 2020-жылдын август айынын аягында Назаров парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтоткон. Ал шайлоого «Кыргызстан» партиясынан аттанган.

Назаров талапкер болуп аткан учурунда Улуттук энергохолдиңдин расмий иш-чараларына катышкандыгы үчүн адмресурс колдонууга да айыпталган.

«Башкы прокуратурага кайрылууну чечтик. Айтмамат Назаров талапкер болгондо ыйгарым укуктарын тапшырган. Андай болсо ал стратегиялык объектилерге кантип барганын текшериш керек», — деген БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева «Азаттыкка» курган маегинде.

БШКнын басма сөз кызматы Назаров кызматын тапшырганына карабай, Жазы-Кечүү айылын электр жабдууга кошуу иш-чарасына барганы тууралуу жазган. Комиссиянын маалыматына караганда, талапкерге байланышкан материалдар 19-сентябрда прокуратурага жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, Назаровго 4-категориядагы айып каралмак — ал 7500 сомду түзөт.

Жыйынтыгында Боршайком шайлоо мыйзамын бузганы үчүн Назаровго айыппул салган. Кийин ал талапкерлигин чакыртып алган. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин Назаров Улуттук энергохолдингге жумушуна кайтып келген.