COVID-19 жети медкызматкерден аныкталып, 13 медик илдеттен айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 4-ноябрда коронавирус жети медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлады. Илдетке чалдыккан медиктердин төртөө Баткен облусунда, экөө Чүй облусунда жана бирөө Жалал-Абад облусунда иштеп келген.

Мындан сырткары өткөн суткада 13 медкызматкер оорудан айыкты — алардын тогузу үй карантинден дарыланып чыкты.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 631ге жетти — анын 3 372си оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 миңге чукул медик документ тапшырганын кабарлады. Анын ичинен ооруну жуктурган 377 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 27 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 60 774кө жетти. Алардын ичинен 51 815 адам илдеттен айыгып, 1 163ү каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.