Оштогу үйлөрдүн биринен бир килограмдан ашык героин табылды

Сүрөт: ИИМ

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир килограммдан ашык героин табышты. Бул тууралуу 4-ноябрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк.

Шектелип кармалган тургунга «Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын май айында да аталган шаарда баңгизат менен алектенген активдүү топтун мүчөсү кармалганы маалымдалган. Андан да 1 килограмдан ашуун героин табылып, кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдардын ким экенин тактоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылган.