Садыр Жапаров: Президенттин милдетин аткаруу ыйгарымын 14-ноябрга чейин өткөрүп берем

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын 2020-жылдын 14-ноябрына чейин тапшырат. Ал бул тууралуу Region телеканалына курган маегинде билдирди.

«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президент, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт. Бирок мен президенттин милдетин аткаруу милдетин 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Кудай буюрса катышам», — деди Жапаров.

Президенттик шайлоо

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Буга байланыштуу, эртеси күнү парламент тарабынан премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу мамлекет башчысынын кезексиз шайлоосуна катыша албайт. Бирок ыйгарымдарын өткөрүп берсе ага мындай мүмкчүлү ачылат.

Өлкө президенттигине талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүп же партиядан көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу арыздарын бере баштаса болот. Эң башкысы, алар документтерди 2020-жылдын 14-ноябрына чейин тапшырууга үлгүрүшү керек.

Президенттик шайлоого катышарын буга чейин парламенттин мурдагы спикери жана «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирген.

Боршайкомго расмий 5 арыз түшкөн. Аларды Адахан Мадумаров, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстан Алай жана Бектур Асанов тапшырган.