Коронавирус жуктурган медиктердин саны 3 634кө жетти — жаңы үч учур катталды

Республикалык штабдан 5-ноябрда коронавирус үч медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлады. Илдетке чалдыккан медиктер Чүй облусунда, Ош жана Башкек шаарларында катталды.

Ошондой эле өткөн суткада 15 медкызматкер оорудан айыкты — алардын ону үй карантинден дарыланып чыкты.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 634кө жетти — анын 3 387си оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 5-ноябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 300гө чукул медик документ тапшырганын кабарлады. Анын ичинен ооруну жуктурган 477 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 28 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 61 309га жетти. Алардын ичинен 52 343 адам илдеттен айыгып, 1 167си каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.