70 млн сомдук пайдасыз келишим. Финпол Бишкек мэриясынын башкармалыгынын экс-жетекчисин кармады

Иллюстративдик сүрөт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 6-ноябрда Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин кармады.

Бул тууралуу финполдун басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле, маалыматта мурунку жетекчи О.С. деп белгиленген. Бул инициалдар мэриянын КМККБнын мурдагы жетекчиси Омурканов Сталбекке туура келет.

Ведомство кабарлагандай, Бишкек шаардык мэриясынын КМККБнын жетекчи кызматкерлери 70 миллион сомго бала бакча куруу үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн.

«Жетекчилер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуу менен иш алып барышкан. Бүгүн, түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасы колдонулат», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Финпол Кыргызстандан ири өлчөмдөгү кылмыштуу киреше чыгарылып турган схеманы аныктап, анын натыйжасында Кытайга акча ташыган шектүү курьерлердин бирин кармаган. Маалыматка караганда, кылмыштуу топ республикадан 180 млн доллардан ашык каражатты товар үчүн төлөм деген шылтоо менен Кытайга алып чыгып кеткен. Аталган иш боюнча тергөө жана акча чыгаруу боюнча схемага тиешеси барларды издөө уланууда.