Нурлан Мотуев президенттикке талапкерлигин коёт

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда экс-депутат Нурлан Мотуев президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүп жаткандыгы тууралуу арыз тапшырганын билдирди. Ал талапкерликке өзүн -өзү көрсөтүп жатат.

Мурдараак Мотуев Садыр Жапаровду колдоорун айткан эле. 14-октябрда ал Жапаровдун Өкмөтү үйүнүн алдындагы талапкерлеринин митингине келген.

«Жапаров экөөбүздүн идеябыз бир. Биз болжол менен бир убакта кармалганбыз. Андан кийин мен чыктым.

Мени жакында эле камактагылар үчүн мунапыс талап кылган видеом үчүн кайрадан кармашты. Жогото турган эч нерсем жок, Садыр Жапаровду колдойбуз», — деген Мотуев.

Нурлан Мотуев 2016-жылы экстремисттик мүнөздөгү сөздөрү үчүн кармалган. Анда ал «Элдик парламент» кыймылынын лидерлеринин форумуна катышкан болчу. Ал «ИГИЛдин можахеддериндей болуп жашаш керек» деген сөзү үчүн кармалган.

Кийинчерээк Свердлов райондук соту аны терроризмге, улуттук жана аймак аралык кастыкка ачык чакырык таштаганы үчүн жети жылга жатак абагына кескен.

Мотуев өзү эл алдында бир нече ирет Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук уюмун колдогон көз караштарын билдирген.

Нурлан Мотуев деген ким?

Нурлан Мотуев — билими боюнча филолог жана дипломат. Ал 2005-жылы март айындагы революциядан кийин Нарын облусундагы көмүр тилкелерин басып алган учурдагы чуулу акцияларынын арты менен белгилүү болгон. Анда ал көмүр тилкелери «элдин менчиги» деп билдирген.

Мотуев аларды бир нече ай көзөмөлдөп жатып алгандан кийин 2006-жылы кармалып, арадан жарым жылдан кийин кылмыштуу аракеттердин 14 эпизоду, анын ичинде баасы 32 млн сомдон ашык көмүрдү уурдоо боюнча айыпталган.

Мотуев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулгандан кийин 2009-жылы Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин коюп, 21 724 добуш алган. Мындан тышкары ал 2014-жылы өлкөнүн акыйкатчысы кызматына да талапкерлигин койгон.

Ошондой эле Мотуев «Азамат Компани» компаниясынын директору, Кыргызстындын Элдик-патриоттук кыймылынын төрагасы жана Чыныгы мусулмандар союзунун башчысы болгон. Ал «Көмүр падышасы» деген каймана ат менен да белгилүү.

Президенттик шайлоо — 2021

БШК кезексиз президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган. Конституцияга ылайык, кезексиз президенттик шайлоо өлкө башчысы отставкага кеткенден кийин үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген, демек бул мөөнөт 2021-жылдын 16-январында аягына чыгат.

БШКнын маалыматы боюнча, мурдараак президенттик шайлоого катышуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү «Кыш болбойт» мэминин автору арстан Алай, экономист Кубан Чороев, саясатчы Назарбек Нышанов жана парламенттин экс-депутаты Бектур Асанов, политолог Бакыт Бакетаев, «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев, пенсионер Абдыкадыр Сыдыков жана «Улутман» саясий партиясынын талапкер болуп аттанган Сазыкбай Турдумалиев документтерди тапшырышкан.