Байден АКШнын 46чы президенти болуп шайланды

Жозеф Байден

Америка кошмо штаттарынын президенттик шайлоосуна Демократиялык партиядан талапкер болгон Жозеф Байден алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын 50,6% добушун алып, өлкөнүн 46чы президенти болуп шайланды.

«Америка, мени биздин улуу өлкөбүздү башкаруу үчүн тандаганыңыз мен үчүн чоң абийир. Бизди оор жумуштар күтүп турат. Бирок мага добуш берген же бербегендерге карабастан мен бардык америкалыктар үчүн президент болууга сөз берем. Мага көрсөткөн ишеничти актаганга аракет кылам», — деп жазды Байден твиттер баракчасында.

АКШнын шайлоо системасына ылайык, 270 тандоочунун добушун алган талапкер президент болуп шайланат. Учурда Байденге 290 тандоочу добушун берген.

Байденден сырткары президенттик шайлоого учурдагы президент, Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп (47,7%), Либертариандык партиянын талапкери Жо Жоргенсен (1,2%) жана Жашылдар партиясынын лидери Хауи Хокинс (0,2%) катышкан. Ал эми көз карандысыз талапкерлер ырчы Канье Уэст, журналист Дэн Раттинер жана ишкер Пирс Брук биригип 0,3% добуш алды.

77 жаштагы Байден АКШнын тарыхында эң улуу президент. Буга чейин ал Барак Обаманын президенттик администрациясында вице-президент болуп келген.

Ал эми президент Дональд Трамп шайлоо учурунда болгон «мыйзамсыз» көрүнүштөргө нааразы болуп, АКШнын Жогорку сотуна даттанмакчы.