Коронавирус 515 кишиде аныкталып, 546 бейтап илдеттен айыкты

«Семетей» обсервациясы

Республикалык штаб 8-ноябрда Кыргызстанда коронавирустун 515 жаңы учуру катталганын кабарлады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында жети медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусу — 133 (3 медкызматкер);

Бишкек шаары — 107;

Чүй облусу — 60 (2 медкызматкер);

Баткен облусу — 54;

Ош облусу — 52;

Ысык-Көл облусу — 45 (2 медкызматкер);

Ош шаары — 43;

Талас облусу — 20;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 62 819га жетти. Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 546 бейтап айыкты — алардын арасында 12 медик бар. Ошондой эле илдет беш кишинин өмүрүн алды.

Коронавирустан айыккандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 117;

Жалал-Абад облусу — 113;

Баткен облусу — 96;

Ош облусу — 86;

Чүй облусу — 71;

Ош шаары — 24;

Ысык-Көл облусу — 20;

Талас облусу — 13;

Нарын облусу — 6.

Ушуну менен коронавирустан айыккандарын саны 53 952ни түзүп, 1 177 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 409 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 137 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 634 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.