Акыркы суткада коронавирустун жаңы 571 учуру катталды — анын 154ү Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штабдан 9-ноябрда коронавирустун жаңы 571 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 154;

Жалал-Абад облусу — 77;

Баткен облусу — 56;

Чүй облусу — 78;

Ысык-Көл — 47;

Ош облусу — 86;

Ош шаары — 52;

Талас облусу — 20;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 63 390го жетти. 

Ошондой эле, акыркы суткада 406 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 145, Ош облусунан — 34, Жалал-Абад облусунан — 58, Ош шаарынан — 15, Баткен облусунан — 66, Чүй облусунан — 64, Ысык-Көл облусунан — 21, Нарын облусунан — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 54 358 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 456 бейтап, ал эми үй шартында 3 737 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 182 адамдын өмүрүн алды.

Ошондой эле, акыркы суткада өлкө боюнча эки медкызматкерден коронавирус аныкталды. Чүй жана Ысык-Көл облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада сегиз медик айыкты жана үй шартында алты медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 649га жетти, анын ичинен 3 436 медкызматкер илдеттен айыкты.