Орто-Сай базарындагы өрт: Милиция кылмыш ишин козгоду

Орто-Сай базарында өрт чыгышы. Сүрөт: ӨКМ

9-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарында чыккан өрт боюнча милиция кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматына таянып АКИpress билдирди.

Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алдын ала маалымат боюнча, өрт соода павильондору, тигүү цехи, дүкөндөр жана тез татым жайлары жайгашкан базардын эки кабаттуу имараттардын биринде чыккан.

Аталган факт «Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» беренеси боюнча КЖБРге катталды. Өрттүн чыгышынын так себебин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалды.

Бишкекте жайгашкан Орто-Сай базарында 9-ноябрга караган түнү өрт чыккан. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоо 1 800 чарчы метр аянтка жайылып, ал алты сааттан кийин өчүрүлгөн.