Акыркы суткада коронавирустун жаңы 400 учуру катталды — анын 97си Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 11-ноябрда коронавирустун жаңы 400 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 97;

Жалал-Абад облусу — 78;

Баткен облусу — 37;

Чүй облусу — 56;

Ысык-Көл — 59;

Ош облусу — 35;

Ош шаары — 16;

Талас облусу — 19;

Нарын облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 64 360ка жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2851.

Ошондой эле, акыркы суткада 532 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 128, Ош облусунан — 95, Жалал-Абад облусунан — 69, Ош шаарынан — 16, Баткен облусунан — 84, Чүй облусунан — 58, Ысык-Көл облусунан — 61, Нарын облусунан — 7, Талас облусунан — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 55 306 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 347 бейтап, ал эми үй шартында 3 850 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 188 адамдын өмүрүн алды.

Ошондой эле, акыркы суткада өлкө боюнча төрт медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — эки, Баткен облусунан жана Ош шаарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада жети медик айыкты жана үй шартында беш медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 658ге жетти, анын ичинен 3 457 медкызматкер илдеттен айыкты.