Ошто ИИМдин кызматкери жол талаша кетип айдоочуга ок чыгарды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 10-ноябрда ИИМдин кызматкери жол талаша кетип айдоочуга травматикалык тапанчадан ок чыгарды.

«Ээнбаштык» беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардык прокуратуранын каароосуна жөнөттү.

Калаанын 41 жаштагы тургуну милицияга аны белгисиз кишилер ур-токмокко алып, ок атуучу куралдан аны көздөй ок чыгарганын айтып, арыз жазган. Чыр Абсамат Масалиев көчөсүнөн чыга берүүчү жолдо жол талашуудан улам чыкканын айткан.

«Арыз менен кайрылган кишини жолдун каршы тарабында бараткан айдоочу иниси жана атасы менен топтошуп уруп, денесине жаракат келтирген», — деп маалымдады Ош ШИИБи.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ок атуучу травматикалык тапанчанын гильзасын тапкан. Арыз ээсине денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми травматикалык курал далил буюм катары алынган.

Буга чейин мындан бир жыл мурун Бишкек ШИИБинин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов 25 жаштагы жигит менен жаңжалдашып, эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бишкек ШИИБинен кабарлашкандай, «кайым айтышуудан» кийин жаш жигит Амангуловду бетке чапкан. Милиция кызматкери «өз өмүрүнө коркунуч келип жатканын көрүп» баланы көздөй ок чыгарган.

Жабыркаган жаш жигит милициянын Ленин райондук бөлүмүнө арыз жазып, бул факты КЖБРге «Бейбаштык» беренеси менен катталган. Ок чыгарган милицияонерге карата кызматтык иликтөө дайындалган.