Жапаров: 2010-жылкы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдер күнөөлүү эмес

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда «Азаттыктын» журналисти мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 300 млн доллар боюнча суроо узатты.

*Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин кеңешчиси Евгений Гуревич Бакиевдердин үй-бүлөсү бийликте турганда өлкөдөн 200-300 млн доллар чыгарып кеткенин билдирген.

«2010-жылкы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдер күнөөлүү эмес. Эгерде чындап адилеттүүлүк менен териштирсек башкалар дагы күнөөлүү болуп калат да. Ал кылмыш ишине жете элекпиз, ал үчүн биз бардыгын кайрадан көтөрүп чыгып, каратып, изилдетишибиз керек. Ал эми 300 млн боюнча мен караштырайын: эгерде документтердин бардыгы [туура] болгон болсо мунун артынан түшөбүз», — деди Жапаров.

Жапаров Бакиевдерди экстрадиция маселеси 10 жылдан бери келип жатканын белгиледи. Премьер-министр Бакиевдер боюнча «мурунку бийлик баштаган ишти улантаарын» кошумчалады.

Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев кулатылгандан кийин бийликке келген.

Бакиев өзү дагы 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максимге да сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу уулу Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында Курманбек Бакиев «NazarNews» басылмасы аркылуу кайрылуу жасап, 2010-жылы адам өлтүрүүлөргө «төңкөрүштү уюштурган» Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да күнөлүү экенин билдирген.