Кара-Сууда үйүнүн короосуна эки кг героин каткан киши кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун 48 жаштагы тургундун үйүнүн короосунан 2 кг 19 гр героин, 3 кг 972 гр гашиш, 16 гр марихуана табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган тургун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Мындан сырткары Ош шаарынын Кулатов кичи районунан 1972-жылы туулган жарандын унаасынан салмагы 935 граммды түзгөн гашиш алынган.

Колго түшкөн баңгизаттардын жалпы салмагы 6 килограмм 942 граммды түзөт. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка кишилерди аныктоо иштери уланууда.

Буга чейин 4-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир кгдан ашык героин табышкан. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, же болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк.

Мындан сырткары, 6-ноябрда Жалал-Абад шаарында 21 жаштагы тургун 4 кгдай маңзат менен кармалган. Бул факт «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми кармалган шектүү Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Акыркы убактарда маңзаттарды ташыган же аларды саткан тургундар көп кармалып жатканы байкалууда. «Азаттык» басылмасы ИИМдин 2020-жылдын тогуз айындагы ишинин эсеп-кысабы боюнча 643 кылмыш иши катталганын маалымдады. Ошондой эле, жалпысынан бир тонна 277 кг 524 гр маңзаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган.