Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун сөөгү жерге берилди

Мурдагы билим берүү министри, профессор Каныбек Исаковдун сөөгү кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айлында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан сүрөттөрдү анын жардамчысы Өмүрбек Акбаралиев фейсбук баракчасына жарыялады.

«Агайыбызды Жаратканга тапшырдык… Биз сизден ыраазыбыз! Сиз да бизден ыраазы болуңуз, Агай, жайыңыз жаннаттан болсун!» , — деп жазган Акбаралиев.

Маркум Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жашында көз жумду. Ал эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, Бишкектеги республикалык ооруканада дарыланып жаткан болчу.

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында 13-ноябрда Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, университеттин жамааты жана студенттер катышкан. Ал ОшМУнун ректору болуп сегиз жыл эмгектенген.

Андан соң 2019-жылдын сентябрында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган болчу. Бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Исаковду кызматтан 14-октябрда алган.