Садыр Жапаров чек ара кызматын УКМКнын курамына кошту

Өкмөттүн басма сөз кызматы Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Тийиштүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Өкмөт башчы мындай чечимди «мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу», ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында кабыл алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында УКМКнын Чек ара кызматы түзүлдү — ал Бишкекте жайгашат. УКМКнын Чек ара кызматынын директору болуп УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары саналат.

УКМКга Чек ара кызматынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүгө бир айлык мөөнөт берилди.

Садыр Жапаров чек ара кызматы менен УКМКны бириктирүү демилгеси тууралуу Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда, 2-ноябрда билдирген.

Бул билдирүүдөн соң чек ара кызматынын ардагерлери Жапаровдун демилгесин сынга алышкан. Алар демилгени чийки деп сыппаттаган, анткени буга чейин чек ара кызматын эки жолу атайын кызматка кошуп, кайра артка кайтарышкан болчу.

Ардагер чек арачылардын айтымында, бул тармакты каржылоо калдык принциби менен жүрүп, чек ара коопсуздугун чыңдоого тийиштүү көңүл бурулбайт.

Мындан тышкары, чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Акылбек Арстанбеков бул демилге эл аралык чек ара кызматташтыгын үзгүлтүккө учуратып, гранттык жардам алуунун жолун бууп коюушу мүмкүн экенин айтты.

Буга чейин Чек ара кызматы БУУ, ЕККУ жана Миграция боюнча эл аралык уюмдан каражат алып келген.

«Жаңыдан курулган чек ара бекеттери менен өткөрмөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү эл аралык донор уюмдардын жардамы менен курулду. Биздин мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кеткен жок. Өткөн 10-15 жылда мамлекеттик бюджеттин эсебинен бир техника сатылып алынган эмес. Ошонун бардыгы эл аралык донорлордун эсебинен келип жатат. Себеби биз мындай жардамга муктажбыз. Эгерде биздин чек ара кызмат кайрадан УКМК — атайын кызматтын курамына киргизиле турган болсо, эл аралык гранттык жардамдын бардыгы токтойт. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо жагынан кайра артка кетебиз», — деп айтып берди Арстанбеков.

Ошондой эле, Садыр Жапаров чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык паритеттик комиссияны жетектөөнү үзөңгүлөшү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырганын билдирди.