Новиков саясий кырдаалды турукташтыруудагы «ролу үчүн» Орусияга ыраазычылык билдирди

Артём Новиков

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 14-ноябрда Москва шаарында Орусия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашты.

«Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды турукташтыруудагы Орусиянын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди», — деп маалымдашты өкмөттөн.

Ошондой эле, билдирүүдө Орусия тарабынан өлкөгө каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылганы кабарланат.

Бирок кайсы каражаттар тууралуу сөз болуп жатканы так маалымдалган эмес.

Садыр Жапаров Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда өлкө башчынын милдеттерин өткөрүп берип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотту.

Президенттин милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлүп, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Артем Новиковго өтөт.

Козак саясий толкундоолордон кийин 13-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке учуп келген. Ал эск-президент Сооронбай Жээнбеков жана ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Жапаров менен жолуккан.

Орусиянын каржылык жардамы

Буга чейин Орусия Кыргызстанга карата каржылык колдоосунун бардык түрүн убактылуу токтоткону белгилүү болгон. Мындай чечим саясий кырдаал турукташканга чейин жана бийлик органдарынын иши калыбына келгенче чейин кабыл алынганы айтылган.

Кыргызстандагы Tazabek басылмасы жеке булкатарына таянып, Орусия Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Евразиялык Фондунун (ТӨЕФ) Кыргызстандын бюджетине көмөк катары бериле турган 100 млн долларлык кредиттин берилишин создуктуруп жатат деп билдирген.

Насыя 2020-жылдын 7-октябрына чейин келип түшүшү керек болчу.

Буга чейин 2020-жылдын 11-августунда Кыргызстан менен ТӨЕФтин ортосунда, өлкөнүн бюджетин колдоо максатында, 1% менен 20 жылдык мөөнөткө $100 млн кредит бөлүп берүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Парламент 2020-жылдын 3-сентябрында келишимди ратификациялап, президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда кол койгон. 2-октябрда келишим Орусия тараптан бекитилген.

«Мындан тышкары, аскер кызматкерлерин колдоо жана бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн Орусиядан Кыргызстанга жыл сайын кайтарымсыз 50 млн доллар грант бөлүнүп турган. Аны менен берге Орусия “Газпром-нефть Азия” үчүн каржы которуулары боюнча чектөө киргизди, тагыраагы бир жолку которууда 1 млн долларга чейин. Буга чейин акча которууларга мындай чектөөлөр жок болчу», — деп билдиришти Tazabekтен.

Орусия Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкы үлүшчүсү болуп саналат.

РБКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанга финансы менен ачык жардам берүү тууралуу акыркы жолу 2019-жылы кабарланган. Анда Орусия кайтарымсыз 30 млн доллар берген. 2018-жылдын февралынан бери Кыргызстандын 2005-жылдан берки 700 млн доллардан ашуун карызы жоюлган. 2012-жылдан бери Москва Бишкекке 250 млн доллардан ашык суммага кайтарымсыз гранттарды берген.