Өткөн суткада коронавирус 22 медиктен аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 15-ноябрда коронавирус 22 медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Ысык-Көл облусунда – 6;

Чүй облусунда – 5 (кызыл зонадан 1);

Баткен облусунда – 4 (кызыл зонадан 2);

Бишкек шаарында – 3 (кызыл зонадан 2);

Тала облусунда – 2;

Ош облусунда – 1;

Жалал-Абад облусунда – 1.

Мындан сырткары өткөн суткада жети медкызматкер үй карантинден дарыланып чыкты.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 715ке жетти — анын 3 490у оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 5-ноябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 300гө чукул медик документ тапшырганын кабарлады. Анын ичинен ооруну жуктурган 477 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 28 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 66 504 жетти. Алардын ичинен 57 321 адам илдеттен айыгып, 1 199у каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.