Атамбаевдин тарапташтары Батукаевдин иши боюнча сот жылдырылганына нааразы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин Жогорку соттун алдындагы митинги. Сүрөт: Апрель ТВ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыкты. Акцияга мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева жана парламенттин КСДП фракциясындагы бир нече депутаты катышты.

Чогулгандар Жогорку соттун кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин жыйынын кезектеги жолу жылдырып жатканына наарызы болушту. Митингчилер сот имаратына кирип, аларга Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева чыгып, жылдырууга эмне себеп болгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев журналисттерге Жогорку сот 16-ноябрда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимин жокко чыгарууну жана ишти жаңы кароого жөнөтүү боюнча арызды карашы керек болгонун билдирди.

Жоошев териштирүү судьялардын бири ооруп жаткандыгына байланыштуу да 30-ноябрга калганын кошумчалады.

Атамбаев райондук жана шаардык сотторунун чечими менен Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул иште акыркы чечимди Жогорку сот кабыл алышы керек.

Азыркы тапта Атамбаев №47 колонияда Кой-Таш окуяларындагы штурмга алуу жана мыйзамсыз байлык жыйноо айыптоолору боюнча соттун өкүмүн күтүп жатат.

Атамбаев жана Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Атамбаевди Батукаевдин эркиндикке чыгарылганына байланыштуу иш боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок ал үчөөндө тең баруудан баш тарткан.

Андыктан август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаев кармаган. Алар мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясын эки күн штурмга алышкан. Атайын операция учурунда спецназдын бир жоокери каза болгон.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна шектелген башка кишилерге айыппул салынган.