Бишкек: Тургунду сөккөн тергөөчүнүн аракети териштириле баштады

Социалдык тармактарга өзүн Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү Темирлан Жыргалбеков деп тааныштырган киши менен Ализат Ажыбаева аттуу Бишкектин тургунун телефондон сүйлөшкөн аудиожазмасы тарады.

Анда тергөөчү Жыргалбеков Ализат Ажыбаева менен анын жолдошунун үстүнөн Азат аттуу кошунасы алар тынчтык бербей жаткандыктан арыз жазганын айтып, учурда тергөө иштери башталганын айткан. Андан сырткары аларды сот 2,5 жылга чейин эркинен ажырата турганын айтып коркуткан.

Ажыбаева тескерисинче, алардын тынчын кошунасы алып, такай үйүнүн алдына келип чатак салып кетип жатканын билдриген.

Жыргалбеков учурда арыздын негизинде «Майда бейбашчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, алардын баш коргоо чарасын кароо үчүн сотко жөнөтүлөрүн айткан.

Өз кезегинде Ализат «далил болбой туруп кантип ушинтип сүйлөп жатасың» деп сураганда тергөөчү «жакында далил дагы болот» деп жооп кайтарган.

Тергөөчү азыр тергөө амалдары жүрүп жатканын айтып баштаганда, Ализат алардын күнөөсүз экенин далилдей турчу видеолор бар экенин айтып, анда «соттон көрүшөбүз» деп жатканда тергөөчү аны орусча сөгүп, сөзүн бөлгөн.

«Мени уксаң блять, сенин тынчыңды албасын деп мен ага дагы айтам. Сен дагы анын тынчын алба», — деген тергөөчү.

Буга жини келген Ализат аны эмнеге сөгүп жатканын сураганда тергөөчү эмнеге аны укпай жатканын айтып кекеткен. Ализат сүйлөшкөндөрүн жаздырып алганын айтканда тергөөчү «жаздыра бер» деп жооп кайтарган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы «Клоопко» учурда бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын жыйынтыгынан соң гана толук маалымат берилет деп ишендиришти. Маалымат кызматы окуя качан, кандай жагдайда болгону боюнча сурообузга, бардыгы кызматтык териштирүү учурунда аныкталат деп билдирди.