Милиция коркутууга кабылган куудул-ырчы Жаныбек Аттокуровдун ишин териштире баштады

Жаныбек Аттокуров

Ош облусунун Араван райондук ички иштер башкармалыгы куудул-ырчы Жаныбек Аттокуров коркутуларга кабылганы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Укук коргоо органдары бул фактыны «Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен каттады.

«12-ноябрда [Аттокуров] арыз жазып берди, азыр тергөө иштери жүрүп жатат [...] Шектүүлөрдү алып келүү боюнча тергөөгө тапшырма берилди. Аудиожазуудагы киши ким экенин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды», — деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Эмне болгон?

Жаныбек Аттокуров «Аравандын элинен Садыр Жапаровго арыз ыры» аталыштагы чыгармасын жарыялап, «Араван» цемент заводу аймактагы экологияга зыян тийгизгени тууралу айткан. Аталган завод Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин үй-бүлөсүнө таандык.

Мындан сырткары куудул заводдун оор жүк ташуучу унаалары жолдорду «жыртык төшөктөй» бузуп салганын билдирген. Чыгарманын аягында Аттокуров заводдун «Кыргызстанга эч пайдасы жок болгонун» билдирип, Жапаровду Араванга келүүсүн суранган.

Көп өтпөй Аттокуров «Араван» заводунун директору жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев тарабынан коркутууларга кабылганын айткан. Ошондой эле Аттокуров аудиожазуу жарыялап, Атабаев делген киши куудулду ашата сөгүп, эжесинин үйүн өрттөп салуу менен коркуткан.

Ал эми Данияр Атабаев «Азаттыкка» «Интернетке тараган аудио ага таандык эместигин» билдирди.

Аттокуров «Клоопко» билдиргендей, Атабаев учурда «ооруканада жаткандыгы үчүн» милиция аны суракка чакыра албай жатат. Мындан сырткары Аттокуровго заводдо иштеген кишилерден да коркутуулар түшүп жатат — куудул биздин редакцияга аудиожазууларды жөнөттү.

«Сен башыңды оорутпа көп нерсеге, Жаныбек. Бир күн болбосо бир күнү бутуң сынып калышы мүмкүн, бир эмес, эки бутуң дагы сынып калышы мүмкүн. Бул коркутуу эмес, башка эмес [...] Бул жерден сени көчүрөмүн, сен Ноокатта жашай албайсың эми чи, угуп ал!» — деген Каныбек аттуу заводдо иштеген киши.