«Сени сиктирип...» Депутаттын цемент заводун сындаган куудул коркутууларга кабылды

Данияр Атабаев / Жаныбек Аттокуров / Азамат Арапбаев

Дисклеймер: Бул макалада жана анда камтылган тасмада сөгүнгөн сөздөр бар. Эгерде мындай сөздөр сизге ыңгайсыздык жаратса, анда бул макаланын ордуна Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн? аттуу иликтөөнү окууну сунуштайбыз.

Куудул-ырчы Жаныбек Аттокуров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасады.

Аттокуровдун айтымында, ал Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин жубайына таандык «Араван» цемент заводун сындап ырдаганы үчүн коркутууларга кабылды.

Ошондой эле Аттокуров аны Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев коркутканын айтып, аудио жарыялады. Данияр Атабаев — «Араван» цемент заводунун директору.

Атабаев делген киши куудулду ашата сөгүп, эжесинин үйүн өрттөп салуу менен коркуткан.

«Жаныбек, мына ыр чыгарыпсың — Азамат [Арапбаев] угуп калса көтүңө сигип, ошол сен жашаган эжеңдин үйүн дагы өрттөп салат. Өзүң зорго курсагың тоюп-тойбой жүрөсүң, энеңди көрсөтүп койбосун! Мен менен да, Азамат менен да тамашалашпагын! Сага окшогондорду көтүнө гондон менен тыктырып беребиз. Он адамды алып келип, сени сиктирип видео кылып чыгарып саламын. Колуман келет, уктуңбу? Сен көтүңдү кысып жүргүн. Азаматтын бир баласына айтайын эле — эртеси күнү барып көтүңө нак сигип кетет, тамашалашпагын Азамат менен», — деп ыктымал Атабаев айткан.

Аттокуровдун «Аравандын элинен Садыр Жапаровго арыз ыры» аталыштагы чыгармасында Арапбаевдин үй-бүлөсүнө таандык «Араван» цемент заводу аймактагы экологияга зыян тийгизгени айтылган. Ошондой эле куудул заводун оор жүк ташуучу унаалары жолдорду «жыртык төшөктөй» бузуп салганын айткан. Чыгарманын аягында Аттокуров заводдун «Кыргызстанга эч пайдасы жок болгонун» билдирип, Араванга келүүнү суранган.

«Мен акыйкат үчүн, элдин көйгөйүн жеткирүү максатында ырдадым. Азамат Арапбаевди өтө сыйлачу элем. Бирок Данияр дегендин айтышы боюнча ал каракчы экен. Булар менин жашоомо коркунуч жаратып жатышат», — деди Аттокуров.

«Араван» цемент заводунан Атабаев учурда ооруканада жатканын билдиришти. Ал эми Атабаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев ырчы милицияга арыз менен расмий түрдө кайрыла электигин билдирди. Ошондой эле Аширбаев видеодогу маалыматтар такталып жатканын кабарлады.

Азамат Арапбаев деген ким?

Азамат Арапбаев — КСДП фракциясынын депутаты. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Арапбаев «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын тизмесинде 19чу болгон.

Арапбаев «Биримдиктин» Ош шаарындагы штабын жетектеген. Журналисттер «Биримдиктин» штабына көптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер келгенине күбө болушкан. Ал эми коомчулукта бул партия «административдик ресурс» колдонуп жатат деген шек жаралган.

Кийинчерээк «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Шайлообек Атазов Арапбаевди «Оштогу кызматтардын жетекчилерине кысым жасап, паспортторду чогултууга» айыптаган. Ошондой эле Атазов, Арапбаев бул иштен кайтпаса, «жаштар заправкаларын өрттөгөнү жатышат» деп айткан.

Бул билдирүүдөн кийин Оштун милициясы Атазовду «профилактикалык сүйлөшүүгө» чакырып, «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Ошол эле учурда Ош ШИИБи «Биримдиктин» өкүлү Арапбаевдин паспорт чогултканы тууралуу маалыматтын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча тергөө баштаган.

Мындан сырткары Арапбаевге Оштогу «Гром» аталыштагы күзөт кызматы жана спортклубу таандык экени айтылат, бирок депутат бул маалыматты четке кагууда.