Коронавирус 15 медиктен аныкталып, алты медкызматкер оорудан сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 17-ноябрда коронавирус 15 медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусунда – 4 (кызыл зонадан 1);

Талас облусунда – 3 (кызыл зонадан 1);

Баткен облусунда – 3;

Бишкек шаарында – 3;

Ош облусунда – 1;

Чүй облусунда – 1.

Мындан сырткары өткөн суткада алты медкызматкер үй карантинден дарыланып чыкты.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 750гө жетти — анын 3 505и оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрга карата иш убагында ооруну жуктурган 479 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 67 469га жетти. Алардын ичинен 58 315 адам илдеттен айыгып, 1 207си каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.