Ошто батирде төрөгөн ымыркайдын энеси зордукталганын айтты

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде табылган ымыркайдын энеси мындан бир жыл мурун зордукталганын маалымдады. «Кактус медиа» басылмасы кабарлагандай, кыз зордукталгандыгы тууралуу арыз жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» бул тууралуу кошумча маалымат кийинчерек берилерин убадалады.

Желим баштыкка оролгон ымыркайдын сөөгү 2-ноябрда табылган. Киндиги кесилбеген эркек ымыркайдын каза болгонуна болжол менен 15 күндөй болгон. Муну окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу менен медициналык экспертиза кызматкерлери сырттан кароо учурунда аныкташкан.

Ал эми ымыркайды төрөгөн эне алгачкы берген көрсөтмөсүндө уулун өлүк төрөгөнүн жана бул кадамга коркконунан барганын айткан. Ошондой эле, ымыркайга соттук-медициналык эскпертиза, энесине психикалык экспертиза дайындалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» деген берене менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.