«Ханституцияга жол жок». Бишкекте баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тынчтык митинги өтөт

«Баштан Башта» кыймылынын активисттери кыргызстандыктарды 17-ноябрда талкууга коюлган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы тынчтык маршына чыгууга чакырышты. Марш 22-ноябрда саат 12де Эркиндик бульвары менен Линейная көчөсүнүн кесилишиндеги Темир жол бекетинин имаратынын тушунда башталып, Ала-Тоо аянтында уланат.

«Октябрь айынын башынан бери окуялардын тез өнүгүшүн байкап жатабыз, биздин унчукпагандыгыбыз жана аракетсиздигибиздин натыйжасында башкаруу формасын өзгөртүү, сөз эркиндигин чектөө жана ксенофобияны жайылтууну сунуш кылган жаңы конституциянын долбоору иштелип чыкты», — деп жазган активисттер.

Алар мыйзам боюнча ыйгарым укуктары октябрь айында аяктаган 6-чакырылыштын депутаттары 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоо менен катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунушташып жатканын белгилешти.

«Бул жагдай бизди аябай тынчсыздандырат. Биз мындай Конституцияны кабыл алууга жол бербейбиз. Биз бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка жана мыйзамсыздыкка каршыбыз. Бардык жаркын күчтөрдү референдумга каршы биригүүгө чакырабыз!!» — дейт «Баштан Башта» кыймылы.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири окурмандарды бул маршка кошулууга чакырат.

«Биз өз басылмабызда дайыма калыс болгонбуз — бизге, негизи айтканда, ким президент болуп шайланып же кайсыл партиялар Жогорку Кеңешке өтөөрү баары бир. Бирок ал кандайча ишке ашары бизди тынчсыздандырат. Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору — бул биздин эркиндигибизди чектөө, биздин ачык-айкын шайлоо өткөрүүдөгү тең салмактуулукту сактоо мехнизмине кол салуу», — деп эсептейт Искендер.

УКТга каршы марш

Башында Үлан Үсөйүн турган бул кылмыйлдын активисттери буга чейин «уюшкан кылмыштуу топторуна (УКТ) каршы» марш уюштурушкан. Ал 9-октябрда өткөн. Ага Өмүрбек Бабановду премьер-министрлик кызматка көрсөтүү демилгесинин тарапкерлери, андан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да тарапкерлери катышкан.

Анда жарандардын бир бөлүгү темир жол бекетинин алдында чогулуп, Ала-Тоо аянтына чейин барган. Аянтта жөө жүрүштүн катышуучуларына Садыр Жапаровдун тарапташтары кол салышкан. Катышуучулардын арасында Элвира Сурабалдиева, Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Тилек Токтогазиев, Темирбек Асанбеков, Сапар Исаков, Өмүрбек Бабанов жана Жанар Акаев болгон.

Алар чогулган элге таш, топурак жаадырып, саясатчылардын биринин жансакчысы жарым жан болгончо сабалган. Ал эми белгисиз адам Атамбаевдин унаасына төрт жолу ок чыгарган.

Кийинчерээк Садыр Жапаров алар анын тарапташы эмес, мурдагы президенттин жансакчылары болгонун айтып, алар мындай жол менен аны каралоого аракет кылышканын билдирген.

Конституциянын жаңы долбоору

Конституцияга түзөтүү киргизүүнү 80 депутат демилгеледи. Алардын көпчүлүгү жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында барган.

Бирок бир нече депутат аны жазууга тиешеси жок экенин айтып чыкты. Мисалы, депутат Эмил Токтошев видео кайрылуу жасап, ал долбоордун «автору» экенин соцтармактардан билгенин айтты.

Депутат Дастан Бекешев болсо мыйзам долбоорун качкын президент Курманбек Бакиевдин юристи жазгандыктан, аны «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель окуясы үчүн өч алуусу» деп атады.

Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында, кезексиз президенттик шайлоо менен бир убакта өткөрүү пландалууда. Бирок, мурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айткан.

Садыр Жапаров баш мыйзамдын реформасы тууралуу билдиргенден бери Конституциянын жаңы долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган, ошондо да кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жан башка адамдар сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.

Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.