Референдум президенттик шайлоо өтө турган күнгө дайындалды

Жогорку Кеңештин сайтында 17-ноябрь күнү жаңы Конституциянын долбоору жарыяланды — ал коомдук талкууга чыгарылды. Долбоордун демилгечилери болуп Жогорку Кеңештин 80 депутаты чыгууда.

Депутаттар Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу жарыяланган документтин 1-беренесинде жазылган.

«Кыргыз Республикасынын аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүү дайындалсын».

Кезексиз президенттик шайлоо дагы ушул эле күнгө белгиленген. Демек, бийлик президенттик шайлоо менен Конституция боюнча референдумду бир күндө өткөргүсү келет.

Мурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айткан. Жапаров жаңы Конституция тууралуу кеп баштагандан тартып жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган — кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жана башка жүздөр сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.

Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.