«Бизди жолотпой жатышат». Усупбаеванын сиңдисин сүзүп кеткен тарап үн катты

Иллюстративдик сүрөт

Ош мэриясынын алдында ачкачылык кармоону улантып жаткан Кундуз Усупбаеванын сидисин сүзүп алган тарап үн катты. Айдоочунун атасы Сатарали Миңбаев «Клоопко» окуянын чоо-жайын айтып берди.

Миңбаев — Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы экенин тастыктап, жабыркаган тарапка «болгон жардамды көрсөтүүгө аракет кылып жатышканын» билдирди.

Ал окуя алардын жакындарынын бири каза болгон күнгө туш келгенин айтат.

«Кырсык экен. Уулум сүзүп алгандан кийин өзү ооруканага алып барып, унаасынын номерлерине чейин таштап кеткен. Жакыныбыздын тажиясы болгондуктан ал күнү бизге айта албай, кийинчерээк билдик», — деди ал.

Миңбаев алар окуядан кабардар болгондон соң алгач кыздын эжеси менен байланышууга аракет жасашканын белгиледи. Бирок ал «сиңдисин ооруканага жаткыргандан кийин сүйлөшөөрүн» айтып, андан соң телефон чалууларга жооп берген эмес.

«Эмне кылаарыбызды билбей туруп калдык. Эми кырсык экен да. Дарылануусуна, бүт баарына жардам берели деп аракет кылып жатабыз. Уулум да ушул жерде, иш жүрүп жатат. Бизди жолотпой жатышат», — деди ал.

Мындан сырткары ал кыздын жакындары аларга «дарыгерге акча бердик деп гана айтсаңар тосмо арыз жазып беребиз» деп сунуштаганын маалымдады. Бирок Миңбаев дарыгерди да, тергөөчүнү да тааныбай турганын айтат.

«Булар негизи дарыгерге каршы болуп жатат окшойт. Аны тааныбасак, көрбөсөк кантип акча бердик деп айтабыз? Бирөөнүн күнөөсүн мойнубузга алгыбыз келбейт. Мен баламды куткаруу үчүн эле “ага акча бердим” деп айта албайм», — деди ал.

Жалал-Абаддын тургуну Кундуз Усупбаева Ош мэриясынын алдында бир жумадан бери ачкачылык кармоону улантууда. Ал мөөнөтсүз ачкачылыкты 12-ноябрда баштаган.

Усупбаева буга чейин сиңдисин унаа сүзүп кетип баса албай калганын, ал эми сүзгөндөр «жазасын албай», анын дарылануусуна да «тоскоолдук кылып жатышканын» айткан. Мындан тышкары Ош облустук жана шаардык ооруканасынын дарыгерлери анын диагнозун «бурмалап, кылмышкерлер менен биригип алганына» даттанган.

Ал ачкачылык жарыялагандан баштап ага калаа башчысынан башка бир дагы бийлик өкүлү жолуккан эмес. Мындан сырткары ал мэриядан комиссия түзүлүп, бирок ага да «ишенбей жатышканын» айтууда.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров мэрия тарабынан кандай чара көрүлүшү керек болсо анын баары жасалып жатканын маалымдады.

«Түшүндүрүп айтып кетели, биз мэрия алар нараазы болгон адамды колуна кишен салып камай албайбыз. Же алар ойлогондой чечим чыгарчу орган эмеспиз. Болгону үстүнөн көзөмөл кылып мэр тапшырма берди», — деди Абсаттаров.

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков экспертиза кыздын «денесине анча оор эмес залал келген» деген бүтүм чыгарганын, бирок милиция буга кийлигише албашын айтты. Ошондой эле ал ШИИБден ССМдин Оштогу координаторуна дарыгерлердин иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн кат жолдолгонгун айтты.

«Иш сотко өтө элек. Техникалык экспертизанын жыйынтыгы чыкса эле сотко өтөт. [...] Иш жоруктар беренеси боюнча каралып жаткандыктан камап коюу каралбайт экен», — деди ал.

Ал учурда ШИИБде «Транспорттук каражаттардын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын кошумчалады.

Усупбаева нараазы болуп жаткан дарыгерлер менен байланыша алган жокпуз. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыял Ташполотовдон тиешелүү жооп алууга мүмкүн болгон жок.

ТЕМА боюнча: «Кылмышкер менен биригип алган». Оштун тургуну тергөөчүгө нараазы болууда